Ноябрь айында түрк лирасы менен экспорттун өсүшү...

Соода министрлигинин маалыматына караганда, ноябрь айында экспорт өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 1,9 пайызга өсүп 21,9 миллиард долларга жетти.

1914415
Ноябрь айында түрк лирасы менен экспорттун өсүшү...

Түркиянын түрк лирасы менен экспорту ноябрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 114 пайыз өсүп 15 миллиард 679 миллион лирага жетти.

Соода министрлигинин маалыматына караганда, ноябрь айында экспорт өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 1,9 пайызга өсүп 21,9 миллиард долларга, тышкы соода көлөмү 8,6 пайызга өсүп 52 миллиард 509 миллион долларга жетти.

Түркиянын тышкы соода көлөмүнүн өсүшү менен катар түрк лирасы менен болгон соода да өсүү тенденциясын улантты.

Август айынан бери түрк лирасы менен соода күч алды. Экспорт жогоруда айтылган айда 10 миллиард 364 миллион лира, сентябрда 16 миллиард 23 миллион лира, октябрда 13 миллиард 15 миллион лира болуп, ноябрь айында мурунку жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 114 пайызга өсүү менен 15 миллиард 679 миллион лирага өстү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь мезгилинде түрк лирасы менен экспорт өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 94 пайызга өсүп 113 миллиард 703 миллион лирага жетти.

Ноябрь айында түрк лирасы менен экспорт жасалган өлкө саны 162, экспорттоочу фирмалардын саны 7 миң 182 болду.



Тектеш кабарлар