Түркиянын анчоус экспорту
Түркиядан жылдын 8 айында 24 өлкөгө анчоус экспорттолду.
1884762
Түркия анчоус экспортунан 8 айда 7,5 миллион долларлык киреше тапты.
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрага орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, Түркиядан жылдын 8 айында 24 өлкөгө анчоус экспорттолгондугун айтты.
Анчоустун экспортунда Франциянын алдыңкы орунда экенин белгилеген Гүрдоган, Франциядан кийин Бельгия менен АКШнын турганын билдирди.
Гүрдоган январь-август мезгилинде 1343 тонна анчоус экспорттолгондугун белгилеп, бул экспорттон 7 миллион 495 миң 323 долларлык киреше түшкөнүн маалымдады.
Экспорттогу өлкөлөрдүн ар түрдүүлүгүнө көңүл бурган Гүрдоган, былтыркыдан айырмаланып Оман, Катар, Казакстан, Сирия жана Түштүк Корея Республикасына анчоус сатылганын айтты.