Түркиянын Антеп мистеси экспорту

Ушул жылдын январь-июнь айларында Түркиядан Антеп мистеси экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 136 пайызга өстү.

1676408
Түркиянын Антеп мистеси экспорту

Ушул жылдын январь-июнь айларында Түркиядан Антеп мистеси экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 136 пайызга өстү.

Түштүк-Чыгыш Анадолу экспортчулар ассоциациясынын  маалыматына ылайык, 2020-жылы 90 миллион 471 миң доллар мисте экспорттолгон.

Өткөн жылдын январь-июнь айларында мисте сатуудан 36 миллион 186 миң доллар киреше алынган болсо, бул жылдын ошол эле мезгилинде   105 өлкөгө жасалган экспорт 136 пайызга көбөйүп, 85 миллион 433 миң доллар киреше алынды.

Жылдын биринчи кварталында Канада, Португалия, Марокко, Жапония, Индия, Малайзия, Мальдив аралдары, Куба жана Россия сыяктуу 105 өлкөгө 8319 тонна мисте экспорттолду.

Түркия эң көп мисте экспорттогон өлкөлөрдүн башында Италия турат. Италияга бул жылдын биринчи алты айында 22 миллион 556 миң долларлык Антеп мистесин сатты. Италиядан кийин 16 миллион 345 000 доллар менен Германия жана 5 миллион 571 миң доллар менен Израиль келди.

 

 



Тектеш кабарлар