Антеп мистесинин экспорту

80 өлкөгө Антеп мистеси экспорттолду.

1621961
Антеп мистесинин экспорту

Түркия жылдын биринчи чейрегинде 80 өлкөгө Антеп мистесин экспорттоду.

Түштүк-Чыгыш Анадолу Экспортчулар Бирикмесинин маалыматына караганда, өткөн жылдын январь-март айларында Антеп мистесинин экспортунан 21 миллион 288 миң долларлык киреше түшүп, быйыл тийиштүү мезгилде 80 өлкөгө жасалган экспорттун көлөмү 73 пайызга өстү жана 36 миллион 845 миң долларлык киреше түштү.

Жылдын биринчи чейрегинде Нидерландия, Алжир, Малайзия, Япония, Марокко, Оман, Дубай, Бельгия, Испания, Австрия жана Россия сыяктуу 80 өлкөгө 3394 тонна Антеп мистеси экспорттолду.

Мистенин экспортунда Италия 661 миң тонна менен биринчи орунду ээледи.

Бул өлкөдөн кийин 629 миң тонна менен Германия, 254 миң тонна менен Израиль турат.



Тектеш кабарлар