Дүйнөлүк басма сөз 27.05.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
El País (Испания): Коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын булагы катары Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториялык кырсык теориясы күчтөнүүдө.
Infobae (Аргентина): Буга чейин эки доза Sputnik V вакцинасы менен эмделген Аргентинанын губернаторуна Ковид-19 жукту.
Telesur (Венесуэла): Колумбиядагы полициянын жаңы рейдинде ондогон жаракат алгандар жана камалгандар бар.
Tagesschau: Германиянын канцлери Ангела Меркель Беларуска каршы санкцияларды кеңейтүүнү чечти.
Welt: Швейцариялык Brexit: Швейцария Европа Биримдиги (ЕБ) менен алкактуу келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотту.
Elraya: Катар Газаны калыбына келтирүү үчүн 500 миллион доллар грант бөлдү.
Eldutour: Иорданиянын падышасы Абдулла II, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтонии Блинкен менен жолугушуусунда "Саясий чечимдин жоктугу аймакты чыңалууга түртүп жатат" деди.
Elqudus Elarabi: ХАМАСтын Саясий бюросунун төрагасы Исмаил Хание: «Биз Вашингтонго жана Тель-Авивге Кудстун "кызыл сызык" экенин жана "катышуу эрежелерин орнотобуз" деген билдирүүлөрдү жеткирдик» деп айтты.
Le Figaro: Covid-19: Индия варианты дүйнө жүзүнө жайылып, өлкөлөр кризистен кийинки мезгилге даярданып жатышат.
France 24: (Франциянын президенти) Эммануэль Макрон Руандага барды; эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди нормалдаштырууну максаттап жатат.
France 24: Швейцария ЕБ менен мамилелерине байланыштуу сүйлөшүүлөрдү токтотту.
REGNUM жаңылыктар агенттиги: Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба, «Түндүк агым-2» жаратылыш газ кууру долбоору менен аягына чейин күрөшүүгө убада берди.
Коммерсант: АКШнын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Жон Кирби, «Пентагон Орусияны душман катары көрбөйт» деп билдирди.
РИА Новости: Армениянын Коргоо министрлиги, Азербайжан чек арасындагы Гегаркуник аймагында алты армян аскеринин туткунга алынганын кабарлады.