Жаңы Делиде 5 күндүк "кызыл эскертүү" жарыяланды

Индиянын метеорология департаментинин (IMD) билдирүүсүндө кечээ Жаңы Делиде абанын температурасынын 44 - 47 градус арасында өлчөнгөнү белгиленди.

2142503
Жаңы Делиде  5 күндүк "кызыл эскертүү" жарыяланды

 Индиянын борбору Жаңы Делиде аба ырайынын сезондук нормадан жогору болгондугуна байланыштуу 5 күндүк "кызыл эскертүү" жарыяланды.

Индиянын метеорология департаментинин (IMD) билдирүүсүндө кечээ Жаңы Делиде абанын температурасынын 44 - 47 градус арасында өлчөнгөнү белгиленди.

Билдирүүдө Жаңы Дели жана айланасында таасирдүү болгон «катуу ысык толкун» себебинен 5 күндүк «кызыл эскертүүнүн» жарыялангандыгы белгиленди.

Жаңы Делидеги билим берүү директорлугунун билдирүүсүндө да аймактагы мектептерде  11 -  майдан  30 -  июнга чейин жайкы эс алуунун жарыялангандыгы эске салынды.

Билдирүүдө : «Катуу ысык аба толкуну күчүнө кирип, айрым мектептердин ачык экендиги көрүнүүдө. Жаңы Делидеги билим берүү мекемелеринин башкаруучуларына мектептерди дароо жайкы эс алууга жабуулары сунушталат»,- деп айтылды.

Индиянын метерология департаменти борбор шаар Жаңы Делиде 17 -  майда абанын ысыктыгынын  47,1 градуска жеткенин билдирип, Пенжап, Харяна менен Ражастан штаттарында  абанын температурасы боюнча эскерткен.

Индияда жай мезгилиндеги температуранын жогорулашынан улам жыл сайын жүздөгөн адам каза болууда.

Statista статистикалык порталынын маалыматы боюнча, Индияда 2020  -жылы 530 адам, 2021-жылы 374 адам абанын температурасынын жогорулашынан каза болгон. 2015 - жылы өлкөдө ысык аба ырайынан 1908 адам каза болгон.

Климаттык эксперттердин айтымында, глобалдык ысынуу Индия сыяктуу Түштүк Азия өлкөлөрүндө адамдардын өлүмүнө алып келген аба толкундардын болуу ыктымалын 30 эсеге чейин жогорулатууда.



Тектеш кабарлар