Тегеранда аза күтүү

Борбор шаардагы Велиаср аянтында өткөн жана миңдеген киши катышкан аза күтүүдө  портреттери алып жүрүлгөн президент Реиси  жана аны коштогондор үчүн дуба окулду.

2142116
Тегеранда  аза күтүү

Мурунку күнү тик учак кырсыгында каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Реиси, тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян жана башка жетекчилер үчүн пландалган жаназа зыйнатынын биринчиси Тебризде өткөрүлдү.

Тебриз Шүхеда аянтында өткөрүлгөн жана он миңдеген киши катышкан жаназа зыйнатында президент Реиси, тышкы иштер министри Абдуллахиян, Тебриз Жума Имамы Мухаммед Али  Хашим жана Чыгыш Азербайжан губернатору Малик Рахмети үчүн дуба окулду.

Жарандык жана аскердик жетекчилер катышкан жаназа зыйнатында  сөөктөр Шүхеда аянтынан көп сандаган элдин катышуусу менен Мусалла аянтына алып барылды. 

Тебризде жаназа намазы  менен башталган жаназа зыйнаты  бүгүн Кум шаарында, эртең борбор шаар Тегеранда уланат.

Бул жердеги аза күтүүгө Түркиядан вице  - президент Жевдет Йылмаз менен тышкы иштер министри Хакан Фидан катышат. 

Президент Реисинин жаназасы Мешхед шаарында бейшемби күнү өткөрүлө турган азем менен көмүлөт.

Ибрахим Реиси жана коштоосундагы жогорку мартабалуу жетекчилер үчүн кечээ кечинде борбор шаар Тегеранда аза күтүү болду. 

Борбор шаардагы Велиаср аянтында өткөн жана миңдеген киши катышкан аза күтүүдө  портреттери алып жүрүлгөн президент Реиси  жана аны коштогондор үчүн дуба окулду.

Президент Реиси мурунку күнү Иран  - Азербайжан чек арасында дамбанын ачылуу аземине катышкндан кийин коштоосундагы тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян жана айрым жетекчилер менен тик учак кырсыгына кабылды. 

Ирандын талабы боюнча Түркия издөө  - куткаруу иштеринде АКЫНЖЫ учкучсуз учуучу аппаратын милдеттендирди. АКЫНЖЫ  учкучсуз учуучу аппараты аныктаган тик учактын урандыларынын координаттары Иран мекемелри менен бөлүшүлдү.

Аныкталган жерге барган ирандык топтор кырсыктан кутулгандардын болбогондугун белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар