Россия сунуштаган долбоор БУУнун  Коопсуздук Кеңешинен өткөн жок

Россиянын космоско эч кандай курал жайгаштырылбасын деген резолюция долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде жетиштүү колдоо тапкан жок.

2142280

15 мүчөлүү БУУнун  Коопсуздук Кеңешинде добушка коюлган резолюция долбооруна 7 «макул», 7 «каршы» жана 1 «калыс» добуш берилди.

Резолюция долбоорунун кабыл алынышы үчүн 15 добуштан кеминде 9 добуш алышы керек.

Долбоордо космоско курал - жарактарды жайгаштырбоо чакырыгы орун алып, космосто зомбулуктун колдонулушуна байланыштуу  коркутууга орундун жок экендиги айтылган.

Тема боюнча көп тараптуу жана милдеттүү келишимдерди талап кылган резолюция долбоорунда космосту тынчтык максатта пайдалануу кубатталды.

Россия  24 -  апрелде АКШ жана Япония сунуштаган жана космостун тынчтык үчүн колдонулушуна мүмкүнчүлүк түзүү  жана бул жерде куралдануу жарышына тоскоол болуу үчүн космоско атомдук куралдардын,  массалык жок кылуучу куралдардын жайгаштырылышына тоскоол болууну максат кылган резолюция долбоорун вето кылган.

Тектеш кабарлар