Польша: "Орусиянын жашыруун кызматынын 9 агентин камакка алдык"

Польшанын премьер-министри, өлкөсүнүн бул маселеде союздаштары менен кызматташып жатканын жана мындай операцияларды Латвия, Литва жана Швецияга да жайылтууга болоорун билдирди.

2142262
Польша: "Орусиянын жашыруун кызматынын 9 агентин камакка алдык"

Польшанын премьер-министри Дональд Туск, өлкөсүндө Орусиянын жашыруун кызматы менен координацияланган саботаждык аракеттери боюнча 9 кишинин кармалганын билдирди.

Туск: «Ушул убакка чейин Польшада Орусиянын жашыруун кызматтарынын буйругу менен физикалык кол салуу жана өрттөө сыяктуу саботаж иштерине катыштыгы бар деген шек менен 9 киши камакка алынды»,-деди.

Польшанын премьер-министри, өлкөсүнүн бул маселеде союздаштары менен кызматташып жатканын жана мындай операцияларды Латвия, Литва жана Швецияга да жайылтууга болоорун маалымдады.

Варшава бийлиги, өлкөнүн Украинага курал-жарак ташуудагы борбордук позициясынан улам Орусиянын жашыруун кызматтарынын бутасына айланганын жана Москванын өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга багытталган аракеттерди көрүп жатканын айтууда.

Туск буга чейин Польшанын укук коргоо органдарына Орусиядан келген коркунучтарды жок кылуу үчүн кошумча 25,5 миллион доллар бөлүнөрүн билдирген.



Тектеш кабарлар