Пакистандагы катуу ысык
Пакистандын метеорология департаментинин жооптуу кызматкери Захир Ахмед Бабар, абанын температурасынын сезондук нормадан 6 градуска жогорулай турганын билдирди.
2142309
Пакистанга таасир эткен ысыктан улам жарандарга үйлөрүнөн чыкпоо эскертилди.
Пакистандын метеорология департаментинин жооптуу кызматкери Захир Ахмед Бабар, абанын температурасынын мезгилдик нормадан 6 градуска жогорулай турганын билдирди.
Өлкө боюнча бир топ аймакта температуранын 40 градустан ашарын маалымдаган Бабар, бул айда да өтө ысык аба ырайынын улана турганын белгиледи.
Июнь айында абанын температурасынын 45 градуска жетиши мүмкүн экенин кабарлаган Бабар, жарандарга «үйдөн чыкпоо» тууралуу эскертти.
Ал арада аптаптуу аба ырайынын себебинен Пенжабдагы бардык мектептер бир жумага жабылды.
Тектеш кабарлар
Француз жана испан дыйкандарынын нааразылыгы
Жүздөгөн трактор менен чек арага келген дыйкандар өтмөктү тосушту.