Нигерияда 10 жыл мурда барымтага алынган 387 адам куткарылды

Борнодогу «Desert Sanity 111» операциясынын командири Харуна Дива, армиянын Боко Харам террористтери жашынган Самбиса токоюна операция жүргүзгөнүн билдирди.

2142162
Нигерияда 10 жыл мурда барымтага алынган 387 адам куткарылды

Нигерия армиясы, Борно аймагында 10 жыл мурда террордук уюм Боко Харам тарабынан барымтага алынган 387 кишинин куткарылганын жарыялады.

Борнодогу «Desert Sanity 111» операциясынын командири Харуна Дива, армиянын Боко Харам террористтери жашынган Самбиса токоюна операция жүргүзгөнүн билдирди.  

Дива, террористтер тарабынан 10 жылдан бери кармалып турган көбү балдар жана аялдардан турган 387 кишинин куткарылганын маалымдады.  

Нигерия армиясынын өлкөдө коопсуздукту камсыздоодо чечкиндүү экенин айткан Дива: «Аракетибиз Самбисадагы террористтерди тазалоо жана каалагандарга багынып берүү мүмкүнчүлүгүн берүү. Бул операция менен бирге алардын көбүнүн багынып берерин болжолдоп жатабыз»,-деди.

Нигерияда 2000-жылдардын башында пайда болгон Боко Харамдын 2009-жылдан берки массалык кол салууларында он миңдеген киши каза тапты.

Уюм 2015-жылдан бери өлкөнүн чек арадагы коңшулары Камерун, Чад жана Нигерде да кол салууларды уюштуруп келет.



Тектеш кабарлар