Лавров: "Израиль менен АКШ Палестина мамлекетинин түзүлүүсүнө бөгөт коюуга аракет кылып жатат"

Сергей Лавров Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлгөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

2142418
Лавров: "Израиль менен АКШ Палестина мамлекетинин түзүлүүсүнө бөгөт коюуга аракет кылып жатат"

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Израиль менен анын колдоочусу Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Палестина мамлекетинин түзүлүүсүнө бардык жол менен бөгөт коюуга аракет кылып жатканын айтты.

Сергей Лавров Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлгөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

Министрлер жыйынында Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулагандарын билдирген Лавров, Палестина мамлекетинин түзүлүүсүнүн маанисине көңүл бурду.

Лавров: «Палестина мамлекети түзүлбөстөн Евразиянын бул аймагында коопсуздуктун камсыздалышынын мүмкүн эместиги боюнча орток пикирге келдик. Израиль да, Израилди колдогон АКШ да бул процесске (Палестина мамлекетинин түзүлүүсүнө) ар тараптан бөгөт коюуга аракет кылууда»,-деди.



Тектеш кабарлар