Колумбияда куралдуу кол салуу болду

Колумбиянын түштүк - батышында полиция кызматкерлерине жасалган бомбалуу кол салууда экөөсү полиция кызматкери болгон 6 киши жараланды.

2142283
Колумбияда куралдуу кол салуу болду

Колумбиянын түштүк - батышында полиция кызматкерлерине карата жасалган бомбалуу кол салууда экөөсү полиция кызматкери болгон 6 киши жараланды.

Кавка административдик аймагында Моралес шаарындагы мейманкананын жанында колго жасалган бомба менен полиция кызматкерлерине кол салуу жасалды.

Кол салууда экөөсү полиция болгон 6 киши жараланып, аймакка көп сандаган коопсуздук күчтөрү жөнөтүлдү.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, кол салууну мотоциклчен кишилер жасаган.

Жардыруудан көп өтпөй полиция пунктуна да ок атылды.  

Колумбиянын президенти Густаво Петро кол салууну "кабыл алынгыс" деп белгилеп, армияга операция жүргүзүүгө буйрук берди.

Колумбия басма сөздө орун алган кабарга караганда, кол салуудан  ФАРКтын мурдагы мүчөлөрүнөн турган Estado Mayor Central (EMC) мүчөлөрүнүн жооптуу экендигин билдирилди. 

22-мартта президент Петро ФАРКтын мурдагы лидерлеринин бири Иван Мордискону кармоого буйрук берип, аны менен ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоткон.

 



Тектеш кабарлар