Киев НАТОдон орус ракеталарын атып түшүрүүнү суранды

Украианын президенти Владимир Зеленский НАТО мамлекеттерине Украинанын коргоо тууралуу активдүү роль ойноо жана Украина аба мейкиндигин бузган орус ракеталарын атып түшүрүүгө чакырды.

2142510

Зеленский убада кылынган бирок азыр да ала албаган Патриот системалары келгенге чейин коргонуудагы кемчиликтин ушундайча жабыла аларын жактады. Украинанын тышкы иштер министри апрель айында  7 ракеталык коргонуу системасына муктаждыктын болгонун айткан.

НАТОго кайрылган Зеленский Киевдин орус күчтөрүнө каршы коргонууда муктаж болгон Ф  - 16  аскердик учактарын күтүп жаткандарын эске салды. «Аларды дароо жибербейсиңерби? Анда НАТОнун бизге коңшу болгон өлкөлөрдөгү учактарын учуруп буталарды атып, жарандарды коргосун»,- деди.  

Акыркы жумада Харьков аймагындагы катуу кагылышууларда Россиянын 1500дөн ашуун аскерин жоготконун белгилеген Зеленский орустардын Украина аймагында 300 учагы бар экенин, орус күчтөрүнө абада каршы туруу үчүн кеминде  120-130 учак керек экендигин белгиледи.

Тектеш кабарлар