Израиль армиясынын Батыш Шериадагы кол салуулары

Израиль армиясынын оккупациясындагы Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женин шаары жана Женин качкындар лагерине жасаган кол салууларында бирөөсү дарыгер болгон  6 палестиналык каза болуп,  10 палестиналык жараланды.

2142275

Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Женин шаарында Израиль аткан октор менен каза болгон  6 палестиналык менен үчөөсү оор болгон  10 жаралуунун ооруканага алып барылгандыгы билдирилди.

Женин мамлекеттик ооруканасынын директору Висам Бекир каза болгондордун арасында Женин ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысынын да бар экендигин айтты.

Коопсуздук булактарынын берген маалыматына караганда Израиль күчтөрү Женин шаарына жана лагерде түнкү сааттарда рейд жүргүздү.

Окуяга күбө болгондор Израилдин учкучсуз учуучу аппараттарынын Женин асманында учканын, түн ичинде израилдик аскерлер басып алган шаарда аскерлер менен палестиналык куралдуу топтордун ортосунда кагылышуу чыкканын кабарлашты.

Израиль күчтөрү өзгөчө оккупациядагы Батыш Шериада түнү жүргүзүлгөн рейддерде  кеминде 11 кишини кармагандыгы алардын ичинен бир кишинин мурдагы туткун экендиги билдирилди.

Тектеш кабарлар