Иранда 28 - июнда шайлоо өткөрүлөт

Президенттик шайлоодо талапкер болууну каалагандар 30-майдан 3-июнга чейин керектүү арыздарын бериши керек.

2142164
Иранда  28 -  июнда шайлоо өткөрүлөт

Иран жаңы президентти шайлоо үчүн  28 -  июнда шайлоо өткөрөт. 

Тик учак кырсыгында каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Реисинин ордуна убактылуу президент болуп дайындалган президенттин биринчи орун басары Мухаммед Мухбир президенттик шайлоонун күнүн  28 -  июнь деп билдирди. 

Ирандын расмий ИРНА агенттигинин кабарына караганда, убактылуу президент Мухаммед Мухбир парламенттин спикери Мухаммед Бакыр Калибаф жана сот бийлигинин башчысы Гуламхусейн Мухсин Эжеи менен президенттик шайлоонун датасын аныктоого байланыштуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун акырында  берилген маалыматта шайлоонун  28 - июнда өткөрүлөрү белгиленди.

Президенттик шайлоодо талапкер болууну каалагандар 30-майдан 3-июнга чейин керектүү арыздарын бериши керек.

Ошондой эле 12-июндан 27-июнга чейин шайлоону таанытуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.

Иранда президенттер алтоосу укук таануучу жана алтоосу факих башкача айтканда дин аалым болгон  12 мүчөлүү Конституцияны коргоочулар кеңеши бекиткен талапкерлердин арасынан эл тарабынан шайланат. 

Президент Реиси мурунку күнү Иран  -  Азербайжан чек арасында  дамбанын ачылуу аземинен кайтып жатып коштоосундагы тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян жана айрым жетекчилер менен  тик учак кырсыгына учурап каза болду. 

 



Тектеш кабарлар