Япония менен Эквадордо жер титиреди

Жер титирөөдөн кийин цунами тууралуу эскертүү берилген жок.

2142098
Япония менен Эквадордо жер титиреди

Япониянын борбору Токионун түштүгүндөгү Огасавара аралдарынын жээгинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 09.39да күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду.

Япониянын метеорологиялык агенттигинин билдирүүсүнө караганда, эпицентри Огасавара аралдары болгон 6 баллдык жер титирөө 50 километр тереңдикте катталды.

Жер титирөөдөн кийин цунами тууралуу эскертүү берилген жок.

Эквадордо да күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө болду.

Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык изилдөө кызматы, очогу Эль Оро облусунун Пинас кыштагы болгон 5,2 баллдык жер титирөөнүн 88 километр тереңдикте катталганын билдирди.

Жер титирөө адам өмүрүнө жана мүлккө зыян алып келген жок.



Тектеш кабарлар