Грецияда кызматкерлер иш ташташты

Грециянын борбору Афинада Финансы министрлигинин алдына чогулган кызматкерлер нааразылык акциясын уюштурушту.

2142479
Грецияда кызматкерлер иш ташташты

Грецияда кызматкерлер, Мамлекеттик кызматкерлер профсоюздары конфедерациясынын (ADEDY) чакыруусу менен 24 сааттык иш таштоого чыгышты.

Өлкөдөгү жашоонун кымбаттыгына көңүл бурган ADEDY мамлекеттик кызматкерлердин экономикалык шарттарын жакшыртуу талабы менен 24 сааттык иш таштоо жарыялады.

ADEDYнун чакырыгы менен Грециянын борбору Афинада Финансы министрлигинин алдына чогулган кызматкерлер нааразылык акциясын уюштурушту.

Митингчилер мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүнү, салыксыз кирешенин көлөмүн жогорулатууну жана мамлекеттик кызматкерлердин санын көбөйтүүнү талап кылышты.



Тектеш кабарлар