ДССУ Харьковдогу кагылышуулар, жер которгондор тууралуу маалымат берди

Хабихт Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесинин жумалык маалымат жыйынына онлайн түрдө катышып, Украинада учурдагы саламаттыкты сактоо боюнча  баа берди.

2142508
ДССУ Харьковдогу кагылышуулар, жер которгондор тууралуу маалымат берди

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун (ДССУ) Украинадагы өкүлү Ярно Хабихт акыркы эки аптада Харьков облусунда кагылышуулардын олуттуу түрдө көбөйгөнүн жана 14 миңден ашуун адамдын жер которгондугун билдирди.

Хабихт Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесинин жумалык маалымат жыйынына онлайн түрдө катышып, Украинада учурдагы саламаттыкты сактоо боюнча  баа берди.

Харьковдогу кагылышуулардын акыркы эки жумада олуттуу түрдө көбөйгөнүн эске салган Хабихт : «Бир нече күндүн ичинде 14 миңден ашуун адам жер которгон жана болжол менен 189 миң киши азыр да  Россия чек арасынын 25 километринде жашап жатат. Бул адамдар оуланып жаткан кагылышуулардан улам олуттуу тобокелчиликтер менен бетме  - бет»,- деди.

Хабихт кагылышууларда турак жайлардын жана жарандык инфраструктуранын чоң зыянга учураганын баса белгилеп, Украинанын бүтүндөй жеринде, анын ичинде Киевде да электр энергиясынын үзгүлтүккө учурап жаткандыгына басым жасады.

Харьковдо 19 - майда болгон ракеталык кол салууда 11 кишинин каза болгонун жана көп сандаган кишинин жараланганын эске салган Хабихт 2022 - жылдын февраль айында башталган Россия  - Украина согушунан улам жыл сайын орто эсеп менен 200 тез жардам унаасынын зыянга учураганын же жок кылынгандыгын айтты.



Тектеш кабарлар