Бразилияда болгон сел

Бразилияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селде каза болгондордун саны 158ге жетти.

2142167
Бразилияда болгон сел

Бразилияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селде каза болгондордун саны 158ге жетти.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Рио-Гранде-ду-Сул штатында 2 аптадан ашык убакыттан бери жааган жамгырдан улам сел жүрүп  жан жана мал жоготуулары көбөйүүдө.

Мамлекеттик жарандык коргонуунун билдирүүсүндө каза болгондордун саны 158, дайынсыз жоголгондордун саны 88 деп жаңыланганы белгиленди.

Билдирүүдө селден жабыркагандардын саны 2 миллион 300 миңден ашканы, 82 миң 666 кишинин апаат аймактарынан куткарылгандыгы маалымдалды.

30 миңге жакын киши менен издөө - куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгы белгиленди. 

Улуттук жарандык авиация агенттигинен берилген маалыматка караганда жамгыр жаашынын жуманын акырына чейин уланышы күтүлүүдө. 

 



Тектеш кабарлар