Австралияда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы операция...
9 News кабар сайтынын кабарына караганда, Жаңы Түштүк Уэльс полициясы 15-18-май күндөрүнүн арасында зомбулук окуяларына каршы «Амарок 6» операциясы жүргүзүлгөнүн жарыялады.
2141988
Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс провинциясында үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлгөн операцияда 500дөн ашуун киши кармалды.
9 News кабар сайтынын кабарына караганда, Жаңы Түштүк Уэльс полициясы 15-18-май күндөрүнүн арасында зомбулук окуяларына каршы «Амарок 6» операциясы жүргүзүлгөнүн жарыялады.
Билдирүүдө үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча издөөдө жүргөн 554 шектүүнүн операция учурунда кармалганы белгиленди.
Полиция башчысы Ясмин Кэтлинин айтымында, өткөн жылы провинция боюнча 150 миң үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катталган.
Австралиянын премьер-министри Энтони Албанесе өлкө боюнча аялдарга карата зомбулукка каршы нааразылык акцияларынан кийин үй-бүлөдөгү зомбулукту «улуттук кризис» деп атаган.