Орусия: "Белогоровканы көзөмөлгө алдык"

Министрликтин билдирүүсүндө, орус аскер бөлүктөрүнүн Орусия-Украина согушундагы иш-аракеттери тууралуу маалымат орун алды.

2141858
Орусия: "Белогоровканы көзөмөлгө алдык"

Орусиянын Коргоо министрлиги, Луганск облусундагы Белогоровка отурукташуу жеринин толугу менен көзөмөлгө алынганын кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө, орус аскер бөлүктөрүнүн Орусия-Украина согушундагы иш-аракеттери тууралуу маалымат орун алды.

Орус армиясынын Украинада чабуулдарын улантканы белгиленген билдирүүдө: «Жигердүү аракеттердин натыйжасында Түштүк аскер тобунун бөлүктөрү Луганск Элдик Республикасынын Белогоровка отурукташуу жерин толугу менен куткарып пайдалуу позицияларды көзөмөлгө алышты» деп айтылды.

Кечээтен бери Украина армиясына таандык 45 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөнү кабарланган билдирүүдө төмөнкүлөр жазылды:

«Аскердик операция башталгандан бери Украин армиясына таандык 601 учак, 274 тик учак, 24 миң 419 учкучсуз аппарат, 523 абадан коргонуу ракеталык системасы, 16 миң 97 танк жана бронетехника, 1304 көп стволдуу ракета аткычтар, 9700 гаубицалар жана минометтор, 21843 атайын аскердик техника жок кылынды».



Тектеш кабарлар