Газада 35 миң 386 киши каза болду
Палестинанын Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 225 күндөн бери кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
![Газада 35 миң 386 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c20d/8d9f/52cb/664893a538b9e.jpg?time=1718715273)
Израиль армиясынын 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 83кө өсүп 35 миң 386га жетти.
Палестинанын Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 225 күндөн бери кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газанын ар кайсы жерлерине жасаган кол салууларында 9 кыргындын жасалганы, бул кол салууларда дагы 83 палестиналыктын каза болгондугу, 105 палестиналыктын жаралангандыгы маалымдалды.
Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 35 миң 386га, жаралуулардын саны 79 миң 366га жеткени белгиленди.
Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде азыр да сөөктөрдүн бар экени, бирок израилдик күчтөрдүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн сөөктөргө жете албаганы да кайталанды.
Тектеш кабарлар
![Эквадордо болгон жер көчкүдө каза болгондордун саны 8ге жетти](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/b83e/dce2/57c3/6671493042d5b.jpg?time=1718715273)
Эквадордо болгон жер көчкүдө каза болгондордун саны 8ге жетти
Алгачкы маалыматтарга караганда аймактагы жер көчкүдөн 6 кишинин каза болгондугу билдирилген.