АКШнын Газадагы портуна каршылык көрсөтүлдү

Газа тилкесиндеги өкмөт АКШнын Газада курган убактылуу порттун Израилге да согушту узартуу мүмүкнчүлүгүн бере тургандыгын белгиледи.

2141012
АКШнын Газадагы портуна каршылык көрсөтүлдү

Газа тилкесиндеги өкмөт АКШнын Газада курган убактылуу порттун Израилге да согушту узартуу мүмүкнчүлүгүн бере тургандыгын белгиледи.

Өкмөттөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта :  «АКШ башкаруучулугу порттун курулуш максатынын «Газадагы Палестина калкына гуманитардык жардам жана азык-түлүк жеткирүү» экендигин айтуу менен  өзүнүн жийиркеничтүү жүзүн көрктөндүрүү жана маданияттуу көрүнүүгө аракет кылууда",- деп айтылды. 

 Газадагы геноцид согушун  башкаруу жана улантуу үчүн аракет кылган, оккупация үчүн коргоо жана колдоо дубалын тургузган, жарандарга каршы   согушун улантуу үчүн абсолюттук колдоосун уланткан АКШ башкаруучулугунун порт куруу ниетине  «шектенүү менен каралгандыгы" айтылган билдирүүдө, Газадагы бардык чек ара дарбазаларынын баарынын дароо ачылышы жана күйүүчү   май да болгон  жардам көрсөтүүгө чакыруу салынды.

Газада Палестина калкына карата колдонулган «ачкачылык» саясатынан да толугу менен АКШнын жооптуу экени баса белгиленди.

Бардык өлкөлөргө эл аралык мекеме жана мекемелерге "геноцид согушун жана Газа тилкесине карата кол салууларын  токтотуусу үчүн  Израилге жана АКШ башкаруусуна реалдуу кысым көрсөтүүгө" чакыруу салынып, Израилдин союздаштарынан да "жарандарды, балдарды жана аялдарды өлтүрүү үчүн колдонулган куралдарды берүүнү токтотуулары" талап кылынды.

АКШ Газа жээгинде убактылуу деңиз портун куруп, бул порттон жардам ташыла баштаган.

 

 



Тектеш кабарлар