Афганистанда дагы сел жүрдү

Афганистандын батышындагы Гор провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, кеминде 50 киши каза болду.

2141171
Афганистанда дагы сел жүрдү

Афганистандын батышындагы Гор провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, кеминде 50 киши каза болду.

Өзгөчө  Афганистандын түндүк аймагында өткөн аптадан бери таасирдүү болгон суу ташкындарынан адамдар каза болууда.  

Гор губернаторлугунун басма сөз катчысы Абдулвахид Хамас провинцияда кечээтен бери уланып жаткан селден улам 50 кишинин каза болгонун, ондогон кишинин дайынсыз жоголгонун билдирди.

Издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын белгилеген Хамас, Фирузкух районунда 2 миң үйдүн зыян тарткандыгын, 1000ге жакын малдын өлгөнүн жана миңдеген гектардык дыйканчылык аянтынын   жараксыз абалга келгенин айтты.

10-11-майда болгон ашыкча жаандан жана селден таасирленген Бадахшан, Тахар жана Баглан провинцияларындагы 21 район эң көп зыян тартты.

 

Негизинен Баглан провинциясында 300дөн ашуун адам суу ташкынынан каза тапты.

 



Тектеш кабарлар