Суданда 25 миллион киши гуманитардык жардамга муктаж

Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык иштерди координациялоо бюросунун (OCHA) басма сөз катчысы Йенс Лаерке БУУнун Женевадагы кеңсесинде жумалык маалымат жыйынын өткөрдү.

2140980
Суданда 25 миллион киши гуманитардык жардамга муктаж

Суданда 25 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж.

Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык иштерди координациялоо бюросунун (OCHA) басма сөз катчысы Йенс Лаерке БУУнун Женевадагы кеңсесинде жумалык маалымат жыйынын өткөрдү.

"Судандын калкынын жарымын түзгөн 25 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж. Ачарчылык жана оорулар жакындап келе жатат",- деген  Лаерке айрыкча Дарфур штатындагы кагылышуулардан карапайым калктын жабыр тартканын белгиледи.

Лаерке БУУнун Суданга кийлигишүү планынын алкагында терс көрүнүштөрдөн эң көп жабыр тарткан 15 миллион кишиге жетүүнү максат кылгандарын айтты.

Лаерке БУУнун жетекчилигинде 2024 - жыл үчүн башталган 2,7 миллиард долларлык жардамдын 12 пайызынын гана каржыланганын белгилеп : "Бул апааттык деңгээлде каржыланбаган кайрылуу",- деди. 

Лаерке кошумча каражаттар тез арада каржыланмайынча, Судандагы гуманитардык уюмдар өз убагында кийлигишүүнү камсыз кыла албай турганын белгиледи.

Басма сөз катчысы Лаерке донорлорду убадаларын аткарууга жана Суданга жардам берүүгө чакырды.

 



Тектеш кабарлар