Нигериядагы жарылуу: 11 киши каза болду
Жарылуудан 17 киши жаракат алганы белгиленди.
2140652
Нигериянын Кано облусундагы мечитте болгон жарылуудан 11 киши каза тапты.
Кано полициясынын коомчулук менен байланыштар кызматкери Абдуллахи Харуна жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, алгачкы маалыматтарга караганда облустун Гезава аймагынын Лараба Абасава айылында кечээ эртең мененки намаз учурунда бензин куюлган идиштен келип чыккан жарылуу болгонун айтты.
Харуна, жарылуудан 11 киши каза таап, 17 киши жаракат алганын белгиледи.
Дарыланып жаткан кээ бир жаралуулардын абалынын оор экенин кабарлаган Харуна, каза болгондордун санынын көбөйүшү мүмкүн экенине тынчсызданганын айтты.
Абдуллахи Харуна жарылуу боюнча бир кишинин камакка алынганын билдирди.