Израилдин Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 35 миң 303кө жетти

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесинде 224 күндөн бери жасап жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2140761
Израилдин Газа тилкесине кол салууларында  каза болгондордун саны 35 миң 303кө жетти

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери Газа тилкесинде жасаган кол салууларында каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 31ге көбөйүп, 35 миң 303кө жетти.

Палестинанын Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесинде 224 күндөн бери жасап жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газанын ар кайсы жерлерине жасаган кол салууларында 4 кыргын жасалганы, бул кол салууларда дагы 31 палестиналыктын каза болгондугу, 56 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 35 миң 303кө, жаралуулардын саны 79 миң 261ге жеткени белгиленди.

Бириккен Улуттар Уюму  Израилдин кол салуулары астындагы Газа тилкесинде акыркы 10 күндө 700 миңден ашуун палестиналыктын күч менен көчүрүлгөнүн жарыялады.

БУУнун Палестина Адам Укуктары кеңсесинин X социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүсүндө Газанын түштүгүндө 600 миң палестиналыктын, түндүгүндө 100 миңден ашуун палестиналык балдар, кары - картаңдар жана майыптардын бар экенине көңүл бурулду.

Билдирүүдө : «Израиль күчтөрү жер которгондорду тобокелдикке салууну токтотушу керек жана мунун ордуна негизги муктаждыктарын, гуманитардык жардамдын таратылышын жана башка турмуштук керектөөлөрүн камсыздап, жеңилдетүүсү керек»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар