АКШда болгон бороондо 4 киши каза болду

Хьюстондун мэри Жон Уитмайр маалымат жыйынында катуу бороондон кеминде 4 кишинин каза болгонун билдирди.

2140803
АКШда болгон бороондо  4 киши каза болду

Америка Кошмо Штаттарынын  Техас штатында нөшөрлөгөн жамгыр жана бороондун кесепетинен 4 адам каза болду.

Хьюстон шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн айнектерин талкалап, бак-дарактарды кулатып, электр өткөргүч линияларын бузган катуу шамалдын айынан бир миллиондон ашык адамдын электр жарыгысыз калганы кабарланды.

Хьюстондун мэри Жон Уитмайр маалымат жыйынында катуу бороондон кеминде 4 кишинин каза болгонун билдирди.

Шаардын борборунда башаламандыктын болгонун айткан Уитмайр тургундарды үйдө болууга чакырды.

Хьюстондогу мектептерде бүгүн билим берүүнүн токтотулганы жана суу ташкын коркунучу тууралуу кооптонуулардын бар экендиги белгиленди.

Ошол эле учурда саатына 160 километрге жеткен бороондун ылдамдыгы 2008-жылдагы «Айк бороону» менен бирдей болуп, 650 миңден ашуун үйдүн зыян тартканы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар