«NEXT by TRT World Forum»

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси ТРТ тарабынан 3 -  жолу  уюштурулган «NEXT by TRT World Forum» 18-майда Стамбулда башталат

2140511
«NEXT by TRT World Forum»

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (TRT) тарабынан 3 -  жолу  уюштурулган «NEXT by TRT World Forum» 18-майда Стамбулда башталат.

Иш-чара бүгүнкү күндүн маселелерин чечүү,  инклюзивдүү жана туруктуу келечекти калыптандырууга багытталган.

Акыркы эки жылда өлкө ичинде жана чет өлкөдөн миңдеген жаштарды жолугуштурган  «NEXT by TRT World Forum» быйыл технологиядан спортко, маданият жана искусстводон саламаттыкты сактоого чейин көптөгөн суроолорду жана көйгөйлөрдү чечүүнү максат кылууда.

Иш-чара өз тармагындагы эксперттерден турган панелдерден тышкары, иш-чаранын темаларына түздөн-түз байланыштуу семинарларды, атайын коноктор менен маектерди жана тажрыйба тармактарын да  камтыйт.

Баяндамачылардын арасында биринчи түрк астронавт Алпер Гезеравжы, палестиналык сүрөтчү жана жазуучу Малак Маттар, палестиналык жасалма интеллект этикасы боюнча изилдөөчү жана академик Нур Наим, нигериялык кинематограф жана контент продюсери Марьям Апаокаги-Грин, түштүк африкалык психикалык ден соолук активисти Шудуфхадзо Мусиданиан жана музыкант Танандариан бар. Ливиялык журналист жана продюсер Нур Тагури жана түштүк африкалык киберспорт боюнча эксперт Жулия Робсон да орун алууда. 

Иш  - чарага катталуу  "next.trtworldforum.com" адресинен жасалууда. 

 

 



Тектеш кабарлар