НАТОнун баш катчысы Словакиянын премьер - министрине карата кол салууга каршылык көрсөттү

Словакиянын премьер-министри Фико кечээ өлкөсүнүн Хандлова шаарында өткөн Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин куралдуу кол салууда жараланып, ооруканага жаткырылды.

2140374
НАТОнун баш катчысы Словакиянын премьер  - министрине карата кол салууга каршылык көрсөттү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг көптөгөн жылдар кесиптеш катары көптөгөн жылдар бирге иштеген Словакиянын премьер  - министри Роберт Фицонун  куралдуу кол салууда жараланышынан тынчсызданып, үй  -  бүлөсү жана Словакия калкы менен тилектештигин билдирди.

Йенс Столтенберг, Бельгиянын борбор шаары Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө : "Аны менен  дээрлик 20 жыл иштедим. Көптөгөн жылдар мурда экөөбүз тең премьер  - министр болуп турган кезде кесиптеш элек. Бул кол салуу бизди  таң калтырып, коркунучка салды",- деди. 

Столтенберг : "Демократиянын бардык элементтерине каршы кол салуу. Демократияда ар кандай пикирлерде болушубуз   мүмкүн, бирок зордук-зомбулукка жол берилбейт. Биздин оюбуз премьер-министр Фицо, анын үй-бүлөсү жана словак эли менен",- деди. 

Словакиянын премьер-министри Фико кечээ өлкөсүнүн Хандлова шаарында өткөн Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин куралдуу кол салууда жараланып, ооруканага жаткырылды.

 



Тектеш кабарлар