Кенияда жер көчкү болду

Жер күчкүдө 5 адам каза болду.

2140580
Кенияда жер көчкү болду

Кенияда болгон жер көчкүдөн 5 адам каза болду.

Кения Кызыл Крестинин жазуу түрүндөгү жарыясында өлкөдө катуу жааган жамгырдын жер көчкүгө себеп болгону белгиленди.

Билдирүүдө өлкөнүн Киамбу аймагында катуу жааган жамгырдан улам болгон жер көчкүдөн кийин 5 кишиден кабар алына албагандыгы маалымдалды. 

Маалыматта дайынсыз жоголгон адамдарды издөө  - куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгы, окуядан кийин аймакта коопсуздуктун камсыздалганы белгиленди.

Кения баш болгон Танзания, Сомали, Бурунди жана Конго Демократиялык Республикасы сыяктуу Чыгыш Африка өлкөлөрү акыркы мезгилде нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селден терс таасирленди. 

 

 



Тектеш кабарлар