Израилдин коргоо министри Рафахка карата кол салууларды күчөтө тургандыгын жарыялады

Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Галлант кечээ Рафахка жакын аймакка барды.

2140591
Израилдин коргоо министри Рафахка карата кол салууларды күчөтө тургандыгын жарыялады

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант 1,5 миллионго жакын жер которгон палестиналык баш калкалаган Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына дагы аскерлердин жайгаштырыла турганын жана кол салууларды күчөтө турганын жарыялады.

Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Галлант кечээ Рафахка жакын аймакка барды.

Галлант Израиль армиясынын «Хамаска каршы чабуулун улантуусунан»  улам Рефахка дагы көп аскер жайгаштырыла турганын белгилеп, кол салуулардын аймакка кошумча аскерлердин кириши менен улана турганын айтты.

Галлант Хамастын ок - дарылары жетеринче ок  - дарысынын жок экендигин айтып: «Бул операция күчөйт жана Хамас эми өзүн жаңылай ала турган уюм эмес»,-деди.

Израиль армиясы 6-майдагы билдирүүсүндө Рафахтын чыгышындагы күч менен жер которгон палестиналыктар баш калкалаган кээ бир райондорду бошотууну талап кылып,   7-майда эртең менен Рафахка кургактыктан чабуул жасап, Египет менен болгон чек ара капкасынын Палестина тарабын  басып алганын жарыялаган. 

БУУнун билдиргенине караганда Израилдин кол салууларын улантып жаткан Рафахтан ушул кезге чейин 600 миң киши качууга мажбур болду. 

 



Тектеш кабарлар