Иранда сел жүрдү

Мешхедде кечээ түштөн кийин жааган жамгырдан кийин сел жүрүп унааларынан чыга албай калган 2 киши каза тапты.

2140202
Иранда сел жүрдү

Ирандын Мешхед шаарында жүргөн селден 2 киши каза болду.
Ирандын расмий агенттиги ИРНАнын кабарына караганда, Мешхедде кечээ түштөн кийин жааган жамгырдан кийин сел жүрүп унааларынан чыга албай калган 2 киши каза тапты.

Шаардын айрым аймактарында жолдор жабылып, унаалардын суу алдында калганы кабарланды.

Нөшөрлөп жааган жамгырдан бир район менен 8 айылдын да зыян тартканы айтылды.



Тектеш кабарлар