Иран Австрияга нота берди

Ирандын тышкы иштер министрлигинин  жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, Австралиянын Тегерандагы  ишенимдүү өкүлүнө нааразычылык нотасы берилди.

2140198
Иран Австрияга нота берди

Иран "аймактагы туруксуздаштыруучу аракеттерден улам" ирандык жогорку мартабалуу аскердик жетекчилер жана мекемелерге санкция салуу чечимин чыгарган Австралиянын Тегерандагы ишенимдүү өкүлүн тышкы иштер министрлигине чакырды. 

Ирандын тышкы иштер министрлигинин  жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, Австралиянын Тегерандагы  ишенимдүү өкүлүнө нааразычылык нотасы берилди. 

Австралиялык дипломатка Канберра өкмөтүнүн Ирандын жогорку даражалуу жетекчилерин жана айрым мекемелерине каршы санкцияларынын мыйзамсыз жана жоопкерчиликсиз экендиги билдирилип,  Тегерандын буларга   жооп берүү укугун өзүнө калтырганы маалымдалды.

Австралиянын тышкы иштер министрлиги 14 - майдагы жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө "Ирандын Жакынкы Чыгыштагы туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары"  коргоо министри Мухаммад Рыза Аштияни жана Кудс күчү   командири Исмаил Каани болгон 5 жогорку мартабалуу жетекчиге нкция салуу чечимин кабыл алганын жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар