Дюссельдорф шаарында чыккан өрттөн 3 киши каза болду

Германиянын Дюссельдорф шаарында бир имаратта чыккан өрттөн 3 кишинин каза болуп, 16 кишинин жаралангандыгы же түтүндөн таасиленгендиги билдирилди.

2140398
Дюссельдорф шаарында чыккан өрттөн  3 киши каза болду

Германиянын Дюссельдорф шаарында бир имаратта чыккан өрттөн 3 кишинин каза болуп, 16 кишинин жаралангандыгы же түтүндөн таасиленгендиги билдирилди. 

Өрт өчүрүү кызматынын басма сөз катчысынын билдирүүсүндө, жергиликтүү убакыт боюнча саат 02.25те Лихт көчөсүндөгү бир имараттын астыңкы кабатындагы күркөдөн чыккан өрткө дароо кийлигишүүнүн болгондугу, болгон жарылуу менен өрттүн үстүңкү кабаттарга да чыккандыгы жана имаратты курчагандыгы белгиленди. 

Имараттын алдындагы унаалардын да өрттөнгөндүгү билдирилген маалыматта имараттын бошотулгандыгы бирок 3 кишинин өрттө каза болгону билдирилди. 

Билдирүүдө 16 кишинин жаралангандыгы жана алардын ичинен экөөсүнүн абалынын оор экендиги маалымдалды. 

Куткаруу  операциясына 100гө жакын өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлеринин катышканы бөлүшүлдү.

Полиция каза болгондордун аты-жөнүн тууралуу билдирген жок жана  өрттүн келип чыгуу себептеринин иликтенип жатканы белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар