Бразилияда каза болгондордун саны көбөйүүдө

Аймакка караштуу Жарандык коргонуу кызматынын билдирүүсүндө, каза болгондордун саны 150гө, дайынсыз жоголгондордун саны 112ге жеткени айтылды.

2140177
Бразилияда каза болгондордун саны көбөйүүдө

Бразилияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүргөн селден каза болгондордун саны 150гө жетип 112 киши дагы деле дайынсыз.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Рио-Гранде-ду-Сул аймагында эки жумадан бери таасирдүү болгон жамгырдын айынан жүргөн селден жан жана мал жоготуулар көбөйүүдө.

Аймакка караштуу Жарандык коргонуу кызматынын билдирүүсүндө, каза болгондордун саны 150гө, дайынсыз жоголгондордун саны 112ге жеткени айтылды.

Жаракат алгандардын саны 807ге, селден жапа чеккендердин санынын болсо 2 миллион 120 миңден ашкандыгы кабарланган билдирүүдө, жер которгондордун санынын 620 миңден ашканы маалымдалды. Апаат болгон аймактан 80 миң кишинин куткарылганы, издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканы билдирилди.

Рио-Гранде-ду-Сулдун губернатору Эдуардо Лейте 3-майдагы билдирүүсүндө "Бул, аймактын тарыхындагы эң кыйратуучу окуя" деп айтып, трагедиянын чоңдугуна байланыштуу 180 күнгө "апаат абалын" жарыялашканын кабарлаган.

Ошол эле учурда президент Луис Инасио Лула да Силва апаат болгон аймакка 3-жолу барганда Өкүлдөр палатасында өткөрүлгөн добуш берүүдө Рио-Гранде-ду-Сул аймагынын казынага болгон карызын 3 жылга жылдыруу чечими бир добуштан кабыл алынды.



Тектеш кабарлар