Wall Street Journal гезити АКШдан Израилге ок-дары жөнөтүлөөрүн жазды

Гезиттин Американын өкмөтү жана конгресстин рамий адамдарына таянып берген билдирүүсүнө караганда, Байдендин администрациясы Израилге ок-дарыларды жөнөтүү үчүн чара көрдү.

2139934
Wall Street Journal гезити АКШдан Израилге ок-дары жөнөтүлөөрүн жазды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Wall Street Journal (WSJ) гезити АКШнын администрациясы Израилге кеминде 1 миллиард долларлык ок-дарыларды жөнөтүү үчүн Конгресске кабарлаганын билдирди.

Гезиттин Американын өкмөтү жана конгресстин рамий адамдарына таянып берген билдирүүсүнө караганда, Байдендин администрациясы Израилге ок-дарыларды жөнөтүү үчүн чара көрдү.

Кабарда Израилге берилиши пландалган куралдардын арасында танк ок-дарысы, аскердик унаалар жана миномёттор бар экени белгиленди.

Сатууну аягына чыгаруу үчүн Конгресстин уруксаты талап кылынат.

Жо Байден 8-февралда өзүнүн партиясынын кысымы менен Улуттук коопсуздук боюнча меморандумду (NSM-20) жарыялап, анда АКШдан аскерий жардам алган жана чыр-чатакка катышкан бардык өлкөлөр эл аралык укукка баш ийип, гуманитардык жардамга тоскоол болбошу үчүн «ынанымдуу жана ишенимдүү жазуу жүзүндөгү кепилдиктерди» берүүсү талап кылынган.

Байден 9-майдагы билдирүүсүндө Израиль Рефахка чоң чабуул койсо, ага курал жардамын токтото турганын айткан жана бул билдирүүгө АКШдагы Республикалык партия да, Израиль да каршы экенин билдирген.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да 13-майда Газага кол салууларда балдар, аялдар жана эркектер каза болгон же жабыр тарткан окуяларды эске алып: «Кээ бир учурларда Израилдин эл аралык гуманитардык укукка ылайык иш кылбаганын эске алуу акылга сыярлык»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар