Нигериядагы ачарчылык

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Нигериянын борбор шаары Абуджада «2024-жылы Кургак мезгилде азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу кризисинин планы» аттуу программа уюштурду.

2139640
Нигериядагы ачарчылык

Нигериянын түндүк-чыгышында 5,9 миллион баланын олуттуу тамак-аш жана жетишсиз тамактануу кризисине туш болгону, мунун дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч экени маалымдалды.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Нигериянын борбор шаары Абуджада «2024-жылы Кургак мезгилде азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу кризисинин планы» аттуу программа уюштурду.

БУУнун Нигерия гуманитардык жардам жана туруктуу координатору Мохамед Фолл программанын ачылышындагы сөзүндө, өлкөнүн түндүк чыгышындагы Адамава, Борно жана Йобе аймактарынын уланып жаткан террордук окуялардан терс  таасирленгенин айтты.

Фолл, бул аймактарда 5,9 миллион баланын олуттуу тамак-аш жана жетишсиз тамактануу кризиси менен бетме-бет келгенин, мунун дүйнөдөгү эң жогорку сан экенин белгилеп «Бул аймактарда 5 жашка чейинки 700 миң баланын жетишсиз тамактанганы маалым болду»,-деди.

Фолл, өлкөдөгү азык-түлүк жана жетишсиз тамактануу кризисинин апаатка айланышынын алдын алуу максатында быйылкы долбоордун жүргүзүлүшү үчүн 2,8 миллион кишиге багытталган 306 миллион долларлык фондго муктаждык бар экенин айтты.



Тектеш кабарлар