Евробиримдик Палестина маселесинде экиге бөлүндү

Жозеп Боррель Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Стэнфорд университетинин Гувер институтунда сүйлөгөн сөзүндө Газа тилкесиндеги абалга баа берди.

2139638
Евробиримдик Палестина маселесинде экиге бөлүндү

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, Украина-Орусия согушунда биримдикте иш алып барган мүчө өлкөлөрдүн Палестинага келгенде «абдан бөлүнгөнүн» белгиледи.

Жозеп Боррель Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Стэнфорд университетинин Гувер институтунда сүйлөгөн сөзүндө Газа тилкесиндеги абалга баа берди.

Палестина башкаруусунун күчтөндүрүлүшү үчүн саясий процесстин башталышы керектигине көңүл бурган Боррель : «Бул трагедиядан кутулуунун жалгыз жолунун эки мамлекеттүү чечимге жетишүү экенин катуу жана ачык айтуубуз керек. Канчалык кыйын болсо да, адамзаттын абийириндеги так бойдон кала турган бул трагедияны (Израилдин аймакка кол салуусу) токтотуунун башка жолун көрбөй турам»,-деп өз баасын берди.

Европанын Палестина маселесинде «бөлүнгөнүнө» токтолгон Боррель : «Кээ бир бөтөнчөлөрдү эске албаганда, алар (Евробиримдик өлкөлөрү) Орусияга каршы абдан бирдиктүү болушту. Украинаны саясий, экономикалык, ар тараптан колдоодо абдан бирдиктүү. Газа маселеси боюнча биз абдан экиге бөлүндүк»,-деп айтты.

Евробиримдиктин эки мамлекеттүү чечимди мүмкүн кылуу жоопкерчилигин алганын жана араб өнөктөштөр менен байланыштардын уланып жатканын белгилеген Боррель : «АКШ тараптан чечим издөөнү улантууда белгилүү бир чарчоо көрүп жатам»,-деп сынга алды.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларынан көбү балдар жана аялдар болгон 35 миңден ашуун палестиналык каза болду.

 



Тектеш кабарлар