Грузияда талаштуу мыйзам долбоору жактырылды

Парламентте 17-апрелде биринчи, 1-майда экинчи жактырууга ээ болгон «Чет элдик таасирдин ачыктыгы» тууралуу мыйзам долбооруна үчүнчү жана акыркы добуш берүү бир айга чукул нааразычылыктар менен коштолду.

2139912
Грузияда талаштуу мыйзам долбоору жактырылды

Грузин парламенти бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы сунуштаган «Чет элдик таасирдин ачыктыгы тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды.

Парламентте 17-апрелде биринчи, 1-майда экинчи жактырууга ээ болгон «Чет элдик таасирдин ачыктыгы» тууралуу мыйзам долбооруна үчүнчү жана акыркы добуш берүү бир айга чукул нааразычылыктар менен коштолду.

Долбоорго 83 «макул» добушу менен 30 «каршы» добуш берилди.

Апталар бою өлкөдө нааразылыктарды жараткан мыйзам долбоору мыйзамга кирүү үчүн парламентте үч жолу добуш берүүгө туура келди.

Ал ортодо добуш берүү учурунда айрым депутаттардын ортосунда мушташ чыгып, кайым айтышуулар болду.

Демонстранттар аны «Орусиянын мыйзамы» деп атаган мыйзам президент Саломе Зурабишвилинин кол коюусуна жиберилет.

Зурабишвили буга чейинки билдирүүлөрүндө мыйзам долбооруна каршы экенин билдирген.

Президент демонстранттар сыяктуу «орус мыйзамы» деп мүнөздөгөн мыйзам долбоору парламентте кабыл алынса вето кое турганын билдирген.

Эгер Зурабишвили вето койсо, мыйзамды парламентке кайра жөнөтүү үчүн эки жума керек.

Президент Зурабишвилинин мыйзамга вето койгон чечимин жеңүү үчүн бийликтеги партия парламентте көпчүлүккө ээ.

Бир тараптан добуш берүү жүрүп жатканда парламенттин айланасында мыйзамга каршы демонстрациялар уланды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы чыкканда айрым демонстранттар парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылышты.

Эшикти сындыргысы келген демонстранттар менен полициянын ортосунда мушташ чыгып, айрым адамдар кармалды.

Өлкөдө мыйзам долбооруна каршы нааразылык акциялары бир айга жакын убакыттан бери уланууда.

Мыйзам долбоорунда каражатынын 20 пайыздан ашыгын чет өлкөдөн алуу жолу менен түзүлгөн уюмдар «чет элдик державанын кызыкчылыгын көздөгөн уюм» катары каттоодон өтүшү керек, болбосо айып пул салынары белгиленген.

Ошол эле учурда, америкалык администрация Грузиянын парламентинде кабыл алынган «Чет элдик таасирдин ачыктыгы» жөнүндөгү мыйзам долбоору «Кремлдик мыйзам» экенин жана ага «терең тынчсыздануусун» билдирди.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер мыйзам долбоору Грузиядагы демократиялык баалуулуктарга зыян келтирет деп ырастап, бул кадамы менен Грузия Евробиримдик менен НАТОнун контекстинде артка кадам таштай турганын айтты.

Грузин элинин мыйзам долбооруна болгон реакциясын эске салган Жан-Пьер: «Эгер мыйзам долбоору мыйзамга айланса, анда бул өлкө менен болгон мамилебизди түп тамырынан бери карап чыгууга туура келет»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар