Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Билдирүүдө Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газада ар кайсы жерлерде 5 кыргын жасаганы, кол салууларда дагы 60 палестиналыктын каза болгондугу, 80 палестиналыктын жараланганы белгиленди.
Израилдин Газа тилкесине 7-октябрдан берки кол салууларында каза болгондордун саны 35 миң 233кө, жаралуулардын санынын 79 миң 141ге жеткени кабарланды.
Ошондой эле урандылардын астында жана жол жээктеринде дагы деле жансыз денелердин бар экени, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы маалымдалды.