Тынчтык саммити Швейцарияда өтөт

Швейцариядагы саммитте атомдук электр станцияларынын коопсуздугу, дан экспорту, туткун алмашуу жана ядролук куралдардын колдонулушуна байланыштуу темалардын талкуулана турганы билдирилди.

2139537
Тынчтык саммити Швейцарияда өтөт

Германиянын премьер-министри Олаф Шольц 15-16-июнда Швейцарияда өтө турган Украина Тынчтык саммитинен эч кимдин көп нерсени күтпөшү керектигин айтты.

Шольц, Stern журналына берген билдирүүсүндө, Швейцариядагы саммитте атомдук электр станцияларынын коопсуздугу, дан экспорту, туткун алмашуу жана ядролук куралдардын колдонулушуна байланыштуу темалардын талкуулана турганын маалымдады.

«Эч ким чоң үмүт кылбашы керек. Ал жерде (Орусия-Украина) согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрбөйбүз» деген Шольц, "балким Украина менен Орусиянын ортосунда түз сүйлөшүүлөргө алып келүүчү жараяндын башталышы" темасынын талкууга алынышы мүмкүн экенин кабарлады.

Европа өлкөлөрүнүн Украинага көрсөткөн колдоосун жетишсиз деп тапкан Шольц: «Ачыкчасы жетишсиз. Бул абдан өкүнүчтүү, анткени Украина шашылыш абадан коргонуу системаларына муктаж. (Орусиянын президенти Владимир) Путин Украинанын инфраструктурасын жок кылууну каалайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар