Индияда жарнак тактасынын кулашынан 14 адам каза болду

Мумбай шаарынын Гаткопар аймагында катуу шамалдын себебинен май куюучу станциянын үстүнө жарнак тактасы кулап түштү.

2139094
Индияда жарнак тактасынын кулашынан 14 адам каза болду

Индиянын Мумбай шаарында бороон-чапкындан улам жарнак тактасынын кулашынан 14 адам каза болду.

Мумбай шаарынын Гаткопар аймагында катуу шамалдын себебинен май куюучу станциянын үстүнө жарнак тактасы кулап түштү.

Унаалардын үстүнө кулаган тактанын астында калган 14 киши каза болуп, 70тен ашуун киши жаракат алды.

Улуттук апаатка чара көрүү күчтөрү (NDRF) урандылардын астында калганы болжолдонгон 20 кишини издөө-куткаруу операциясын баштады.

Махараштра аймагынын премьер-министри Экнат Шинде, окуяда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.



Тектеш кабарлар