Европа Биримдиги Иранга карата санкцияларды кеңейтти

Европа Биримдиги  Ирандын ракеталарын жана учкучсуз учуучу аппараттарын берген, саткан же башка трансферинде орун алган киши жана мекемелерди бутага ала алат.

2139607
Европа Биримдиги  Иранга карата санкцияларды кеңейтти

Европа Биримдиги Иранга жасаган Россияга учкучсуз учуучу аппараттардын  трансфери тууралуу  санкцияларын, ракеталарды жана Жакынкы Чыгыш менен Кызыл деңизге трансферлерди да камтый тургандай кеңейтүү чечимин чыгары. 

Европа Биримдиги Кеңешинин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда, Ирандын Украинадагы согушта Россияга аскердик колдоосун улантуу жана Жакынкы Чыгыш менен Кызыл деңиз аймагындагы «мамлекеттик эмес куралдуу топторго» аскердик  колдоосунун улантылышы жана Израилге карата  учкучсуз учуучу аппараттар  жана ракеталык кол салуулардан улам, киргизилген санкциялардын бир гана учкучсуз учуучу аппараттарды эмес  ракеталарды да камтуусуна чечим чыгарылды. 

Европа Биримдиги  Ирандын ракеталарын жана учкучсуз учуучу аппараттарын берген, саткан же башка трансферинде орун алган киши жана мекемелерди бутага ала алат. 

Бутага алынган кишилердин Европа Биримдиги өлкөлөрүндөгү мүлктөрү тоңдурулат жана бул өлкөлөргө саякатка тыюу салынат. 

Тизмеде көрсөтүлгөн жеке же юридикалык жактарга акча каражаттарын түз же кыйыр которууга да тыюу салынат.

Европа Биримдиги  13 - апрелде Израилге учкучсуз учуучу аппараттар жана  баллистикалык,  канаттуу ракеталар менен жасаган кол салууларынан кийин Иранды айыптады жана Европа Биримдигинин айрым өлкөлөрү Иран элчилерин  Тышкы иштер министрлигине элчилерин чакырды.

 

 



Тектеш кабарлар