Газанын Рафах шаарындагы абал
Рафах шаарындагы абал тууралуу маалымат берилди.
Израилдин чабуулдары уланган Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарынан 450 миңге жакын кишинин күч менен көчүрүлгөнү кабарланды.
Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер агенттиги (UNRWA) X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө, Израиль армиясынын чабуулдары уланган, 1,5 миллионго жакын жер которгон палестиналык баш калкалаган Рафах шаарындагы абал тууралуу маалымат берди.
Билдирүүдө Израиль армиясынын 7-майда кургактыктан кол салуусу менен Египет чек ара бекетинин Газа тарабын басып алганын жарыялаган Рафахта үй-бүлөлөрдүн коопсуздук үчүн качуусунун себебинен көчөлөрдүн бош экени айтылды.
Кол салуулар башталгандан бери 450 миңге жакын кишинин Рафахтан күч менен көчүрүлгөнү болжолдонгон билдирүүдө: «Эл өзгөргүс чарчоо, ачарчылык жана коркуу менен бетме-бет келди. Эч жер коопсуз эмес. Жалгыз үмүт - шашылыш ок атышпоо келишими»,-деген сөздөр камтылды.
Тектеш кабарлар
Бразилиядагы селден каза болгондордун саны көбөйүүдө
Каза болгондордун саны 169, дайынсыз жоголгондордун саны 56 деп жаңыланганы белгиленди.