Газадагы кош бойлуу аялдардын абалы
Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык Качкындарга жардам жана коомдук иштер агенттигинин (UNRWA) X социалдык медиа платформасында, Газа тилкесинде жаңы төрөлгөн абдан алсыз ымыркайдын фотосүрөтү бөлүшүлдү.
Израилдин Газага кол салууларынан улам Рафахтан түштүккө көчүүгө аргасыз болгон 150 миңден ашуун кош бойлуу аялдын коркунучтуу ден-соолук шарттарына жана тобокелдиктерге туш болгону маалымдалды.
Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер агенттигинин (UNRWA) X социалдык медиа платформасында, Газа тилкесинде жаңы төрөлгөн абдан алсыз ымыркайдын фотосүрөтү бөлүшүлдү.
Фотосүрөткө байланыштуу: «Хабибе, кичинекей чатырда төрөлдү. 2 жумалык, салмагы 2 килограммга жетпейт» деп кабарланган билдирүүдө, «Эч бир баланын минтип кыйналбашы керектиги, ок атышууну токтотуунун зарылды» айтылды.
Газа тилкесиндеги кош бойлуу аялдардын абалына көңүл бурулган билдирүүдө: «Газада 150 миңден ашуун кош бойлуу аял жер которуу жана согуштан улам олуттуу ден соолук абалына жана тобокелдиктерге туш болду»,-деп кабарланды.
Израиль армиясы 6-майда жер которгон палестиналыктар баш калкалаган Рафахтын чыгышындагы кээ бир райондорду эвакуациялоо боюнча эскертүү берип, 7-майда Рафах аймагына кургактан чабуул жасаган жана Египет менен чектеш чек ара бекетинин Газа тарабын басып алганын жарыялаган.
Израилдин Газа тилкесине 7-октябрдан бери улантып жаткан кол салууларында көбү балдар жана аялдар болгон 35 миңден ашуун палестиналык көз жумду.