Газада каза болгондордун саны

Израилдин Газа тилкесине 221 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2139218
Газада каза болгондордун саны

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 82ге көбөйүп 35 миң 173кө жетти.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газага 221 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газанын ар кайсы аймактарында 8 кыргын жасаганы, бул кол салууларда дагы 82 палестиналыктын каза тапканы, 234 палестиналыктын да жараланганы маалымдалды.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 35 миң 173кө, жаралуулардын саны да 79 миң 61ге жеткени белгиленди.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээктеринде дагы деле жансыз денелердин бар экендиги, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы кайталанды.



Тектеш кабарлар