Эрдоган - Мицотакис жолугушуусу грек басма сөзүндө орун алды

ERT телеканалынын кабарында: «Эки лидер тең Эгей деңизинде тынчтык атмосферанын уланышын каалагандарын көрсөтүштү",- деп айтылды.

2139432
Эрдоган  - Мицотакис жолугушуусу грек басма сөзүндө орун алды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ борбор шаар Анкарада Грециянын премьер  - министри Кирякос Мицотакисти кабыл алды жана грек басма сөзүндө кенен орун алды. 

Греция телеканалдары Мицотакистин Анкара сапарын көрүүчүлөрүнө жеткирди.

Мамлекеттик ERT каналы эки лидердин маалымат жыйынынан кийин эксперт конок менен баа берди.

Кабар "Абдан түшүмдүү жана конструктивдүү Түркия - Греция карым - катнаштары» деген сөз менен баса белгиленип, түрк - грек карым - катнаштарында жаңы барактын ачылганы боюнча пикирлер айтылды.

 

ERT телеканалынын кабарында: «Эки лидер тең Эгей деңизинде тынчтык атмосферанын уланышын каалагандарын көрсөтүштү",- деп айтылды. 

«Та Неа» гезити «Эгейде туруктуу бейпилдик келишими» деген баш сөз менен Анкарадагы жолугушуудан кийин өткөрүлгөн кечки тамакта оң маанайга басым жасады.

«То Вима» гезити  айрым пикир келишпестиктерге карабастан жолугушуунун жакшы атмосферада өткөндүгүн баса белгиледи.

"Kathimerin"i гезити лидерлердин эки өлкөнүн кызматташтыгын жана байланыштарын арттыруу керек деген сөздөрүн баса белгилеген.

"Proto Thema" гезити да түрк  - грек  Иш кеңешинин түзүлүшү жана эки лидердин өлкөлөр ортосундагы сооданы эки эсеге көбөйтүү максатын окурмандарына билдирген.

 



Тектеш кабарлар