Блинкен Украинага барды

Энтони Блинкен X социалдык медиа платформасына билдирүү жасады.

2139272
Блинкен Украинага барды

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, 2022-жылдын февраль айынан бери Орусия менен согушуп жаткан Украинага колдоо көрсөтүү үчүн дагы бир жолу бул өлкөнүн борбор шаары Киевде барды.

Энтони Блинкен X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө, Украинаны колдой турганын кайталап: «Орусиянын агрессиясынан өз эркиндигин коргоп жаткан Украинага чексиз колдоо көрсөтүү үчүн бүгүн Киевге келдим»,-деди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер бул билдирүүгө шилтеме кылып, Блинкендин Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский жана башка жогорку даражалуу жетекчилер менен жолугушаарын маалымдады.

Миллер Блинкендин жетекчилер менен АКШнын жаңы коопсуздук жана экономикалык жардамдарынын таасири астында Украинанын экономикасын калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүү аракеттерин сүйлөшөрүн айтты.

Акыркы күндөрү Орусия Украинанын түндүк чек арасында Харьковдо чабуулдарын күчөтүп, бул аймакты кайрадан кагылышуу фронтуна кошкон.

Орус армиясы акыркы бир нече күндө Харьков аймагындагы 10дон ашуун калктуу пунктту көзөмөлгө алды. Украина Орусиянын күчөгөн чабуулдарына каршы Батыштын аскерий колдоосун көбөйтүүнү каалайт.



Тектеш кабарлар